Бишкек шаардык кеңешке шайланган депутаттарга мандат тапшырылды

Бүгүн, 30-июлда Бишкек шаардык кеңешинин шайланган депутаттары биринчи жыйынга чогулушту. БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов депутаттарга мандаттарды жана төш белгилерди тапшырды. Депутаттар ант беришти. 

Жыйындын жүрүшүндө ар бир фракция лидер шайлады. Төрагалык кылган Олег Попиков шайланган лидерлердин аты-жөнүн жарыялады.

— «Эмгек» фракциясынын лидери — Жумабек Салымбеков;

— «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидери — Алымбек Бактыбеков;

— «Ишеним» фракциясынын лидери — Сайдахмат Исмаилов;

— «Ынтымак» фракциясынын лидери — Казыбек Эргешов;

— «Өнүгүү—Прогресс» фракциясынын лидери — Манас Абдыллабек уулу;

— «Социал-демократтар» фракциясынын лидери — Кадыр Атамбаев.

Салымбеков, Бактыбеков, Исмаилов жана Эргешов мурунку чакырылышта да депутат болуп шайланышкан.