Шаардык кеңештин депутаты Бишкектеги жол тыгынды азайтуу үчүн коомдук транспортко өтүүгө чакырды

«Биринчи радионун» эфиринде Бишкек шаардык кеңештин депутаты Рысбай Аматов бишкектиктерди коомдук транспортко өтүүгө чакырды.

Анын айтымында, Кыргызстанда бир гана унаа жол деген түшүнүк бар. Буга альтернатива катары жердин алдындагы монорельс же жердин үстүндөгү жолдор керек. Ал ошондой эле студенттерге кайрылып, окууга коомдук транспорт менен барууну сунуштады. «Студенттердин көбү өз унаалары менен жүрөт экен. Анткени Кыргызстанда унаа анча кымбат эмес. Биз деле студент болгонбуз. Эртеден кечке окушат. Ал учурда унаасы жөн эле турат»,- деди ал.

Ал ошондой эле монорельс курууга инвестор издеп жатканын айтты. «Бишкекке монорельс керек. Мен жеке унаамды колдоном. Анткени ал мага керек. Кимге керек эмес болсо, коомдук транспортко өтүшү керек. Бири-бирибизди сыйлайлы. Мен баарын коомдук транспорко өтүүгө чакырам. Азыр автобустар, жолдор жаңы»,- деди ал.