Бишкек мэриясы кичи автобустардын айдоочулары иш таштаса лицензиясынан ажыратыларын эскертти

Бишкек мэриясы айдоочулардын жол кирени жогорулатуу боюнча талабын азырынча карабайт. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда шаардык транспорт башкармалыгынын милдетин аткаруучу Улан Бейшенбаев билдирди.

Айдоочулардын талабы бекитилген тартипте каралат. Ал эми алар иш таштаса, транспорт министрлиги лицензиядан ажыратарын жүргүнчүлөрдү ташуучу фирма жетекчилерине эскертти. Ошондой эле Улан Бейшенбаев кичи автобустарды линиядан алып салууга азырынча мэрияда материалдык шарт жок, андыктан менчик фирмалар менен иштешүүгө мажбур экенин кошумчалады. Алдыда мэрия 350 газ жана электр энегиясы менен каттоочу автобустарды алып келүүгө инвесторлор менен сүйлөшүүдө.

12-январда Бишкек шаарында коомдук транспорттун айдоочулары кичи автобустарга жол кирени 15 сомго жогорулатууну талап кылып, иш таштаарын билдиришкен.