Бишкек шаардык мэриясында транспорттук кеңеш түзүлөт

Бишкек шаардык мэриясынын астында транспорттук кеңеш түзүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 22-январда Балбак Түлөбаев жеке менчик транспорттук компаниялардын жетекчилери менен жолукту. Анда жеке менчик кичи автобустарда жол кире акысын көтөрүү маселеси кайрадан каралды. Компания жетекчилери жол акыны 19-20 сомго чейин көтөрүү талабын коюшту. Түлөбаев азырынча кичи автобустар үчүн жол акысын 15 сомдон, автобус жана траллейбустар үчүн 10 сомдон өйдө көтөрбөй турууну жана пенсионерлерге 8 сомдон жеңилдетилген тарифти калтырууну сунуштады.

Мындан тышкары, мэрдин милдетин аткаруучу Бишкек шаардык мэриясынын алдында транспорттук саясат боюнча кеңеш түзүү сунушун киргизди. Ага айдоочулар, муниципалитеттердин кызматкерлери, жеке менчик транспорттук компаниялардын жетекчилери жана жеке жарандар мүчө боло алат.