Бишкек шаарына 29-январда Isuzu үлгүсүндөгү жүргүнчү ташуучу автобустардын акыркы партиясы – 25 бирдик келди. Жалпысынан, шаарга заманбап, 12 метрлик, газ менен жүрүүчү 85 автобус алынып келди.
Бул автобустар 90 жүргүнчүнү батыра алат, анын 24ү отургуч орундар. Ошондой эле, аба ырайынын ысык күндөрүндө жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү үчүн заманбап кондиционерлер менен жабдылган. Мамлекеттик номерлер алынгандан жана маршруттук схемалар бекитилгенден кийин жаңы автобустар шаардык каттамдарга чыга баштайт.