Бишкек шаарында БАЭ элчилигинин ачылышы күтүлүүдө

Президент Садыр Жапаров кечээ, 6-октябрда Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) энергетика жана инфраструктура министри Сухейль Аль-Мазруини кабыл алды.

Садыр Жапаров Кыргызстан жана Борбор Азия өлкөлөрү менен Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн ортосунда кызматташуу ушул жылы жаңы тепкичке көтөрүлгөнүн баса белгиледи. Тактап айтканда, Кыргызстан менен БАЭ ортосунда товар жүгүртүүнүн көлөмү жыл сайын өсүп жатканы белгиленүүдө, мындан башка ушул жылдын 1-июнунан баштап «Wizz Air Abu Dhabi» авиакомпаниясы Абу-Даби менен Бишкек жана Ош шаарларынын ортосунда түз аба каттамдарын жүргүзө баштады. Ошондой эле кыргыз тарап Бишкек шаарында БАЭ элчилигинин ачылышын күтүүдө.

Ал эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарын көбөйтүү тууралуу БАЭ президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайян менен акыркы жолугушуунун алкагында макулдашканын айтты. Президент Садыр Жапаров шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайянды ага ыңгайлуу болгон убакта Кыргызстанга сапар менен келип кетүүгө чакырганын эстетти.

Сухейль Аль-Мазруи Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында өлкөнүн профилдик министрлиги менен энергетикалык кызматташтыкта оң натыйжаларга жетишилгенин канааттануу менен билдирди. Министр ошондой эле бир катар эмираттык компаниялардын бул багытта кызматташтыкты арттыруу максатында Кыргыз Республикасында биргелешкен энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга катышууга өзгөчө кызыкдарлыгы жөнүндө маалымдады. Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө энергиянын кайра жаралуучу булактары жана шаарларды туруктуу өнүктүрүү жаатында дүйнөлүк лидер болуп саналган Masdar компаниясы тарабынан Ысык-Көл облусунда күн электр станциясын куруу долбооруна байланыштуу маселе талкууланды.