Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирус жуктургандарды жаткыруу үчүн Бишкектин ооруканаларындагы бош орундар тууралуу маалымат берди.
20-июнь саат 8:00гө карата берилген маалыматка ылайык, 11 ооруканада 212 орун бош. Алар:
- Улуттук хирургия борбору — 2;
- Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 1;
- №2 клиникалык төрөт үйү — 6;
- №1 шаардык клиникалык оорукана — 14;
- Улуттук кардиология жана терапия борбору — 16;
- Чүй облустук бириктирилген ооруканасы — 17;
- Улуттук госпиталдын Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 15;
- Улуттук госпиталь: мобилдик госпиталь — 92;
- Улуттук госпиталь: урология боюнча корпус — 2;
- Улуттук онкология жана гематология борбору — 2;
- Республикалык наркология борбору — 21.
Ал эми №6 клиникалык оорукана менен Улуттук фтизиатрия борборунда бош орун жок экени маалым болду.