Бишкек шаарында мыйзамсыз орнотулган объектилерди бузуу иштери уланууда

Бишкек шаарында мыйзамсыз орнотулган объектилерди бузуу жана алып салуу иштери уланууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин 3-кичи райондогу темир тосмолор жана 5-кичи райондогу 71/1 дарегинде жайгашкан мыйзамсыз унаа тосмолору, Тунгуч районунда соода кылуучу 4 пункт, бастырма жана уруксаты жок бир павильон бузулган. Ошондой эле, «Ала-Тоо» аянтындагы оюн курулмалары жана башка бир катар конструкциялар мыйзамсыз орнотулганы аныкталып, аталган объектилердин ээлери аларды алып салмай болушкан.