Бишкек шаарындагы 3 гектар жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары автотранспорт ишканасын түзүү жана автотранспортту токтотуу үчүн максаттуу багыты бар 5,5 гектар жер тилкесин өткөрүп беришкендиги аныкталган.
Андан соң, мамлекеттик мүлктү мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү мезгилинде, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча органга таандык акциялардын үлүшү акционердик коомдун башка катышуучулары тарабынан, сатуу учурунда колдонулган жол-жоболорду бузуу менен төмөндөтүлгөн нарк боюнча сатып алынган. Ошол эле учурда бөлүнгөн жер тилкеси А.Ж. АКнын менчигинде толук бойдон калган, көрсөтүлгөн фактылардын натыйжасында мамлекетке материалдык зыян келтирилген.
Көрүлгөн чаралардын жана жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогоруда аталган объектинин ээси аталган мүлккө ээлик кылуунун жана пайдалануунун мыйзамсыздыгын моюнга алган. Мындан улам, ал акционерлер менен биргеликте аянты 5,5 га жер тилкесин бөлүп берүү жана бардык курулуштары менен 3 га жер тилкесин мамлекеттин балансына кайтарып берүү чечимин кабыл алды.