Бишкек шаарындагы «Кара жыгач» эс алуу багы жарыктандырылды

«Бишкек жарык» муниципалдык ишканасы Свердлов районунундагы «Кара жыгач» сейил багын жарыктандырды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындан ары «Комсомол» жана «Пионер» көлдөрүнүн аймагы дагы ар дайым жарык болот. «Борбор калаанын жарыктандыргычтары тарабынан 56 даана темир түркүктөр орнотулуп, 4 темир бетон, 78 светодиоддук чырак, 600 метр өзүн-өзү актай турган изоляцияланган зым тартылып, жер астына 1300 метр электр зымдары тартылды», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ар бир тирөөч оригиналдуу, анткени аны «Бишкек жарык» адистери өз колу менен ишкананын цехинде даярдап чыгарышкан.

Ошол эле учурда, «Аламүдүн-1» кичи районуна көчө жарыктарын орнотуу иштери жүрүп жатат. Манасчы Сагымбай көчөсүндөгү каналдын боюнда 17 түркүк пайда болуп, жарык берүүчү чырактар орнотулуп, электр чубалгылары жер астына тартылууда.