Бишкек шаарындагы көчөлөрдү жарыктандыруу иштери уланууда

«Бишкек жарык» муниципалдык ишканасы борбордогу түнкү чырактарды орнотуу, оңдоп-түзөө иштерин улантууда. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Биринчи май районунун аймагында Профессор Зима көчөсүнүн Ташкент көчөсүнөн Баялинов көчөсүнө чейинки бөлүгүнө 4 чырак, Эркиндик бульвары менен Токтогул көчөсүнүн кесилишине дагы бир чырак орнотулду.

Ошондой эле Кудайбергенов менен Жаманбаев көчөлөрүнүн кесилишине 3 чырак коюлган. Ахунбаев менен Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинде 8 торшер жарык берүүдө. Токтоналиев көчөсүнүн Ахунбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейинки бөлүгүндө 2 чырак бар. Ал эми Логвиненко жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги үзүлгөн зым кайра уланды. Мурас-Ордо жаңы конушунун №7 көчөсүндө 900 метр изоляцияланган зым тартылды. Ак-Өргө конушунун Жетиген көчөсүндө Өмүракунов көчөсүнөн Хан-Теңир көчөсүнө чейин 24 чырак жана кроншейн коюлду.