Бишкек шаарынын 2021-жылга карата бюджети бекитилди

Бишкек шаардык кеңеши борбор калаанын 2021-жылга карата бюджетин бекитти. Мындай чечим бүгүн, 26-февралда өткөн кезектеги сессиянын отурумунда кабыл алынды.

2021-жылга Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн жалпы көлөмү 10 миллиард 230 миллион 993,6 миң сом деп болжолдонууда. Анын көпчүлүк бөлүгү социалдык чөйрөгө жумшалат — 5 миллиард 586 миллион 747,1 миң сом.

Шаардын бюджети тең салмактуу болгондуктан, чыгымдар киреше деңгээлинде келтирилген.