Бишкек шаарынын мэри болуп Айбек Жунушалиев шайланды

Бүгүн, 26-августта Бишкек шаардык кеңештин депутаттары Бишкек шаарынын мэрин шайлашты. Мэрликке жалгыз Айбек Жунушалиев талапкерлигин койгон.

Айбек Жунушалиевдин талапкерлигине 43 депутат «макул», 2 депутат «каршы» добуш берди.

Жунушалиев мэрдин милдетин аткаруучу болуп үстүбүздөгү жылдын 12-августунда дайындалган. Аны Бишкек шаарынын мэрлигине Министрлер кабинетинин төрагасы жана Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы сунуштаган.