Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов мэрияда иштеген уулун кызматтан алды

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов мэрияда иштеген уулун кызматтан алды. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Азамат Абсатаров билдирди.

«Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашовдун буйругу менен Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн адиси Нурсултан Насирбеков кызмат ордунан бошотулду. Насирбеков Таалайбек Сарыбашовдун уулу. Ал конкурстан өтүп, Бишкек шаарынын мэриясында иштеп жаткан«,- деп айтылат маалыматта.