Бишкек мэриясы Башкы план үчүн сунуштарды күтөт

Бишкек шаарынын мэриясы 2025-жылдын 30-январына чейин Башкы планды иштеп чыгууга болгон сунуштарды күтөт.

«Бишкек шаарынын жана анын тегерегиндеги конуштардын ыңгайлуу жана пландуу өнүгүшүн камсыздоо максатында архитектура, шаар куруу, шаардык дизайн же ландшафттык архитектура чөйрөсүндө 15 жылдан ашык иштеген жеке же юридикалык жактардан, чыгармачыл устаканалардын сунуштарын кабыл алууга даяр», — деп жазылат билдирүүдө.

Концепция Бишкек шаарынын Башкы планын иштеп чыгуу үчүн негиз болот. Мэрия документти 2050-жылга чейин деп бекитүүнү пландоодо.

Кошумча суроолор боюнча байланыш номерлер: 0312 97 99 42; 0 (505) 55 13 85 Каныбек Жакыпов (Бишкек шаарынын мэриясынын жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаменти).