Бишкек шаарынын мэриясы эпидемиологиялык кырдаал боюнча күн сайын брифинг өткөрүп турат

Бишкек шаарынын мэриясы эпидемиологиялык кырдаал боюнча онлайн режиминде күн сайын иш күндөрү брифингдерди өткөрөт. Бул тууралуу SEREP MEDIA маалымат агенттигине аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мэриянын айтымында, муниципалитеттин башчылары, шаардык кызматтар борбор калаадагы эпидемиологиялык абал жөнүндө шаардык штабдын, мэриянын жана анын бөлүмдөрүнүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө сүйлөшүшөт.

Биринчи брифинг эртең менен муниципалитеттин Фейсбуктагы расмий баракчасында көрсөтүлөт деп пландалууда.