Бишкек мэриясы газ менен жүрүүчү миң автобус сатып алууну көздөөдө

Нур-Султан шаарындагы жумушчу сапардын алкагында 2022-жылы жүргүнчүлөрдү ташуучу унааларды жана атайын техникаларды сатып алуу ниети боюнча меморандумга кол коюлду. Бишкек шаарынын мэриясы газ менен жүрүүчү 1000 Yutong автобустарын сатып алууну көздөөдө.

Меморандумга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлиги, Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы, “Өнөр жайды өнүктүрүү фонду”, “KazakhExport”, “Qaztehna”, “СарыаркаАвтоПром”, Камаз- Инженеринг, ONAY Pay кол койду.