Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүү болду

Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Маматов Алтынбек Кайратович 11-апрелден тартып Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директорунун орун басары кызматынан ротациялоо менен Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын начальнигине дайындалды.

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри кол койду.