Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Кадырбек Атамбаев борбор калаанын мэрлигине талапкер Айбек Жунушалиевден коомдук транспорттун жол кире маселеси тууралуу сурады.
Жунушалиев так жооп бере алган жок, бул маселе Бишкек шаардык кеңештин депутаттары менен чогуу чечилерин айтты. Бишкек шаарынын мэрин шайлоо БШКнын сессиясында 26-августта өтүп жатат.