Бишкек ШИИББ жетекчилигине убактылуу Азамат Ногойбаев дайындалды

Азамат Ногойбаев Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилигине убактылуу дайындалды. Бүгүн, 10-апрелде аны өздүк курамга министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов тааныштырды.

ИИМ башчысынын орун басары Октябрь Урмамбетов Бишкек ШИИББдин, Биринчи Май, Свердлов, Октябрь, Ленин райондорунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилигинен коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча иштерди жогорку деңгээлде аткарууну талап кылды.

41 жаштагы Ногойбаев Азамат Болотбекович – милициянын полковниги. Кыргызстандын ИИМинин  Академиясын “юриспруденция” адистиги боюнча аяктаган. Ички иштер органдарында 1997-жылдан баштап кызмат өтөөдө.

Ички иштер органдарындагы кызматын Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБде кылмыш иликтөөнүн ыкчам ыйгарым укуктуу өкүлү болуп баштаган. Кызмат учурунда ыкчам ыйгарым укуктуу өкүлү, улук ыкчам ыйгарым укуктуу өкүлү, өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыкчам ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.

Жетекчилик курамдагы кызматтарда иштеген: Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Кылмыш иликтөөнүн бөлүмүнүн начальнигинин орун басары, Чүй облусунун Жайыл РИИБдин начальнигинин орун басары, ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү башкы башкармалыгынын бөлүм начальниги, ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын начальнигинин орун басары, Чүй облусунун Сокулук РИИБдин начальниги, ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын бөлүм начальниги.

Ички иштер органдарындагы кызмат учурунда түзүмдүк медалдар менен сыйланган.