Бишкек ШИИБдин аймактык бөлүмдөрүндө ротация болуп, жаңы жетекчилер дайындалды

Бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, жетекчилер арасында тартипти жана жоопкерчиликти күчөтүү, ошондой эле оперативдүү кырдаалды башкарууну оптималдаштыруу максатында жетектөөчү курамды ротациялоо жүргүзүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер министрлигинин буйругуна ылайык:

Түкебаев Тилек Мирбекович ээлеген кызматынан бошотулуп, Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБ башчысы болуп дайындалды;

Дуйшекеев Эрназар Нурдинович ээлеген кызматынан бошотулуп, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБ башчысы болуп дайындалды;

Аттокуров Талантбек Кантороевич ээлеген кызматынан бошотулуп, Бишкек шаарынын Октябрь районунун ИИБ башчысы болуп дайындалды;

Аалиев Уланбек Карыбекович ээлеген кызматынан бошотулуп, Чүй облусунун Сокулук районунун ИИБ башчысы болуп дайындалды;

Абиев Жумгалбек Журсунович ээлеген кызматынан бошотулуп, Чүй облусунун Москва районунун ИИБ башчысы болуп дайындалды;

Бекишов Акылбек Бекишевич ээлеген кызматынан бошотулуп, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун ИИБ башчысы болуп дайындалды.

ИИМ укук тартибин бекемдөөгө жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого багытталган кадрдык чечимдерди ишке ашырууну улантат.