Бишкек-Сокулук унаа жолунда жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти

Бишкек-Сокулук унаа жолунда жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти. Видео Telegram-каналдарга таркады. 

Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы окуя боюнча төмөнкүлөргө токтолду.

Окуя кечээ саат 02:00 чамасында катталган. Бишкек-Ош унаа жолунда Шопоков шаарына жакын жерде чыгыштан батышты көздөй бара жаткан Volkswagen Golf унаасынын 22 жаштагы айдоочусу жөө адамды сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен болжол менен 35-40 жаштардагы эркек киши ошол жерден каза болгон. Анын өздүгү такталууда.

Белгиленгендей, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен эмес. Алдын ала медициналык экспертиза Volkswagen Golf унаасынын айдоочусу кырсык болгон учурда спирт ичимдигин ичпегенин көрсөткөн.