“Бишкек суу канал” Орто-Алыш суу алгычын суу менен камсыздоону жакшыртуу аракетин көрүүдө

Декабрь айынын башынан бери “Бишкек суу канал” ишканасы суу менен камсыздоону жакшыртуу боюнча активдүү иштерди жүргүзүп, көлдөрдү ылайдан жана жээктеги таштандыларды, куураган чөп, дарактардан тазалоого басым жасоодо. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Тогуз толтуруучу суу сактагычтын бири болгон Камышовое көлүндө жээктеги аймак куураган дарактардан тазаланды. Адистер куураган бадалдарды жана бак-дарактарды кыйышты, ошондой эле жээктин түбүн ылайдан тазалашты. Бул эмгекти көп талап кылган процесс аба ырайынын шартына байланыштуу үч жумага созулду. Көлдүн узундугу 800 метр, туурасы 70 метр.
Учурда “Бишкексууканал” ишканасынын адистери экинчи көл – Тополиное көлүн тазалоо иштерин активдүү жүргүзүп, камыштарды жана бак-дарактарды кыюу, толтуруучу булактардын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча иштерди улантууда. 7000 тоннадан ашык ылай чыгарылып, бадалдарды, камыштарды жана бак-дарактарды кошкондо 20 машина өсүмдүк калдыктары чыгарылды. Бул ишке 10 бирдик атайын техника тартылган.