Бишкек тараптан Ош тарапка унаалар өткөрүлүп жатат

Саат 10:30га карата Бишкек-Ош унаа жолунун 133-чакырымындагы (Төө-Ашуу ашуусу) жол тыгыны жөнгө салынып, 129-чакырымындагы жеңил унаалар Бишкек тараптан Ош тарапка өткөрүлүп жатат. Жакынкы убакта эки тараптуу ачылып, жол тыгыны жоюлат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Сосновка, Арал жана Талды-Булак (Талас-Бишкек каттамы) өткөрмө жайларында унаанын бардык түрүнө каттам жабык. Арал жана Сосновка постторунда жүргүнчүлөргө ысык чай жана тамак-аш уюштурулган.