Бишкек – Токмок – Бишкек багыты боюнча убактылуу автобустар жүрө баштады

20-сентябрдан тарта Бишкек-Токмок-Бишкек каттамында Бишкек шаарынын муниципалдык автобустары убактылуу иштей баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бул убактылуу каттам Токмоктон Бишкекке каттаган жүргүнчүлөрдүн санынын көбөйүшүнө, ошондой эле айрым жеке менчик коомдук транспорттордун убактылуу жоктугуна байланыштуу уюштурулган.