Бишкек троллейбус башкармалыгынын мурунку башчысы Камчыбек Жаныбеков көз жумду

Бишкек шаардык мэриясынын троллейбус башкармалыгынын мурдагы директору Жаныбеков Камчыбек Жаныбекович каза болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

К.Жаныбеков бул бөлүмдө 40 жылдан ашуун эмгектенген.

Маркум 1941-жылы Чүй облусунун Дөң-Арык айылында дыйкан колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. Москва энергетика институтун өнөр жайды жана транспортту электрлештирүү багыты боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 1966-жылы Бишкек троллейбус башкармалыгында баштаган, жөнөкөй инженерден бөлүмдүн директорлугуна чейин жеткен.

К.Жаныбеков Бишкек шаарынын ардактуу атуулу жана эмгек сиңирген кызматкер. КМШ боюнча электр транспорту ассоциациясынын төрагасы болгон. Ардак грамоталар, ыраазычылык каттар жана мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды.