Бишкек ЖЭБи бир айда үч жолу текшерилди

Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборуна эми Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев барды. Ал кечээ өлкө жетекчилигинин тапшырмасына ылайык, күз-кыш мезгилине даярдыгы менен таанышты.

Бишкек ЖЭБинин директору менен Өнөржай, энергетика жана кен байлыктарды пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы берген маалымат боюнча, көмүрдүн жылдык керектөөсү 1 миллион 110 миң тонна көмүр, анын 800-850 миң тоннасы күз-кыш мезгилинин муктаждыгына кетет.

Бүгүнкү күндө Бишкек ЖЭБине күз-кыш мезгили үчүн 295 миң тонна көмүр алынган, калган бөлүгү иш графиги менен, өз убагында берилип жатат.

Бишкек шаарынын ЖЭБи 2020/2021-жылдардын күз-кыш мезгилине борбор калааны жылуулук жана ысык суу менен толук камсыз кылууга даяр экени, бардык жабдуулар, казандар менен агрегаттар штаттык режимде иштеп жатканы белгиленди.

Буга чейин октябрь айынын аягында, кийин ноябрь айынын башында вице-премьер Равшан Сабиров Бишкек ЖЭБинин даярдыгын текшерип кеткен.