Бишкекке 124 жаңы автобус келди (сүрөт)

Борбор калаада “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасына жаңы автобустарды расмий тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган «Жашыл шаарлар 2, терезе 2» программасынын «Бишкек автобустары» долбоорунун алкагында узундугу 10,5 метр болгон 124 кысылган жаратылыш газы менен иштеген автобустар “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасына тапшырылды. Долбоор Япония өкмөтүнүн грантынын эсебинен да колдоого алынган.