Бишкекке 20 жаңы автобус келди. Дагы 100 автобустун келүүсү күтүлүүдө

Бишкекке 20 жаңы автобус келди. Жакында борборго дагы 100 автобустун келүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Автобустун узундугу 10,5 метрди түзөт, ал газ кыймылдаткычы менен жүрөт. Автобус 75 адамды ташууга ылайыкталган, анын 26сы орундук, 1 орун мүмкүнчүлүгү чектелген адам үчүн орундук.

Президент Садыр Жапаровдун буйругу менен автобустарды сатып алуу үчүн шаардык бюджеттен 1 миллиард сом бөлүнгөн.