Бишкекке 43 жаңы автобус келди

Бишкекке 12 метрлик ISUZU үлгүсүндөгү жаңы автобустардын үчүнчү партиясы келди. Табигый газ менен жүрүүчү 43 жүргүнчү ташуучу автобустар Түркиядан алып келинди.

Үч эшиктүү 12 метрдик автобустар 85 жүргүнчүгө ылайыкталган. Майыптыгы бар жарандар үчүн атайын пандустар коюлган. Кош бойлуу аялдар жана кары-картаңдар үчүн атайын орундуктар каралган. «Жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулулугуна жооп берген жабдыктар — камера, аба муздаткыч, телефондорду кубаттоочу жай менен жабдылган», — деп билдиришти мэриядан.

Ушундай автобустардын дагы 25и жакынкы күндөрү келүүсү күтүлүүдө.