Бишкекке 70тен ашык техникалык каражат алынып келди

Борбор калаага 70тен ашык атайын техника алып келинди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

«Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык ишканалар үчүн атайын техника жана жабдууларды сатып алды. Атайын техникаларды тапшыруу аземине Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты.

Борбор калаага жалпысынан 76 атайын техника алынып келинсе, анын 61и техника, 16сы жабдуу. Мындан тышкары «Бишкек суу чарба» ишканасына дагы бир атайын техника келүүсү күтүлүүдө»,- дешти.