Бишкекке Абу-Дабиден биринчи жолу учак учуп келди. Аны кандай тосуп алышты?

«Манас» аэропортунда Абу-Дабиден биринчи каттамды оргуп чыккан суу менен тосуп алышты. Бул тууралуу «Манас» аэропортунан билдиришти.

Кечээ, 1-июнда Абу-Даби — Бишкек — Абу-Даби багыты боюнча Wizz Air Abu-Dhabi авиакомпаниясынын биринчи үзгүлтүксүз каттамы учуп келди. Эми жүргүнчүлөр Бириккен Араб Эмираттарынын борборуна Кыргызстандын борборунан түз уча алышат. Wizz Air Abu-Dhabi компаниясынын башкы директору Йохан Айдхаген өз кезегинде жумасына 3 каттамдын ачылышы башталышы гана экенин, жакынкы арада каттамдардын санын көбөйтүп, аларды күн сайын ишке ашырууну пландап жатканын кошумчалады.

Wizz Air Abu Dhabi авиакомпаниясы Абу-Даби — Бишкек — Абу-Даби багыты боюнча каттамдарды жумасына 3 жолу — шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү ташыйт. Учуу убактысы 4 саат.