Бишкекке алгачкы электр бустар 2022-жылы келет

Бишкекке алгачкы электр бустар эмки жылдын күзүндө келет. Бул тууралуу маалымат жыйында борбор калаанын мэриясынын Бишкек троллейбус башкармалыгынын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Улан Назимудинов билдирди.

Анын айтымында, 15-ноябрда Азия өнүктүрүү банкынын сайтында жана мамлекеттик сатып алуулар порталында 120 электробус жана заряддоочу инфраструктураны сатып алуу боюнча тендерге чакыруулар жарыяланган. «Арыздарды ачуу 2022-жылдын 14-январында болот. Алты айдын ичинде жеңүүчү аныкталып, келишим түзүлөт. Биз келерки жылдын экинчи же үчүнчү кварталында электр автобустарынын биринчи партиясын күтөбүз», — деди ал.