Бишкекке алып келинген 120 автобус. Мэрия айдоочуларды издеп жатат

Бишкек мэриясы автобус айдоочуларды издеп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы “Д” категориясындагы айдоочуларды кабыл алат. Борборго 120 жаңы автобус келгенине байланыштуу айдоочулар жумушка алынууда. Документтердин стандарттык топтомунан тышкары, талапкерлер автотранспортту газ кыймылдаткычы менен башкарууга уруксат берген күбөлүктү көрсөтүшү керек.

«Автобустар 10,5 метрлик жана кондиционер менен жабдылган. Автобуста бардыгы болуп 75 орун бар, алардын 26сы отургандар жана 1 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн. Ошондой эле, автобус автоматтык берүү жана бүктөлүүчү шаты менен жабдылган», — дешти алар.