Мамлекеттик Asman Airlines компаниясынын биринчи учагы Бишкекке конду. Bombardier Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү учак Кыргызстандын ичиндеги каттамдарды аткарат. Бул тууралуу «Спутник» жазды.
Буга чейин жүргүнчүлөр үчүн 1-каттам 27-сентябрда Бишкек-Ош багыты боюнча аткарылары, билет баасы 3100 сом болору маалымдалган.
Ошондой эле Asman Airlines жакында Кыргызстандын башка аймактарына каттамдарды аткара баштайт. Андагы билет баалары:
Компания Каракол менен Нарынга учактар кышка чукул каттай турганын айтып, азырынча бул жактарга билет акысы каралып жатканын белгиледи.