Бишкекке бир канча жактан гуманитардык жүктөр дагы келди

Кечээ, 25-ноябрда Казакстандан жөнөтүлгөн 400 даана ИВЛ аппараты, 2 миллион медициналык бет кап Кыргыз өлкөсүнө жетти. Жүктүн баасы жалпы 77 миллион 700 миң сом турат. Жүктү кабыл алуу иш-чарасына вице-премьер Эльвира Сурабалдиева катышып, казак тарапка ыраазычылык айтты.

Сурабалдиева белгилегендей, мурда казак тарап COVID-19 күрөшүү алкагында бир нече ирет гуманитардык көмөк көрсөткөн. Атап айтканда, азык-түлүк коопсуздугун колдоо иретинде 5 тонна ун жеткирилген. Гуманитардык жардамдан тышкары, казак тарап транспорттук коридор ачып берип, Кыргыз жарандарынын үчүнчү өлкөдөн кайтып келүүсү үчүн транзитти камсыздап берген.

Орусиянын Кыргыз мамлекетиндеги элчилиги менен Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм да 42 миң долларлык гуманитардык жардам беришти. Ал жардам негизинен медициналык жабдыктардан турат.