Бишкекке биринчи партия менен 25 автобус жеткирилди

Бишкекке 25 жаңы автобус келди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Чек арадан дагы 25 автобус өтүп жатат. Автобустун узундугу 10,5 метр жана газ кыймылдаткычы менен жабдылган. Автобус 75 адамды ташууга ылайыкталган, 27 адамга отургуч бар. Жаңы автобустар 15-сентябрга чейин каттамга чыгат.