Бишкекке Дубайдан жаңы чыккан Iphone 14 PRO телефондордун алып келе жаткандар кармалды

«Манас» бажысынын кызматкерлери 17-сентябрда бажы текшерүүсүн жүргүзүү учурунда Дубай-Бишкек каттамы боюнча келген жүргүнчүлөрдүн арасында Орусиянын жараны Iphone 14 PRO маркасындагы 15 уюлдук телефонду мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Кармалган телефондордун болжолдуу баасы 2 миллион 116 миң 500 сомду түзгөн. Материалдар тиешелүү органга өткөрүлүп берилди.