Бишкекке электр энергиясы берилди

Бүгүн, 25-январда саат 14:30га карата Бишкек шаарына электр энергиясы берилди. Буга чейин Энергетика министрлигинен Кыргызстандын энергетикалык системасы Борбор Азиянын Бирдиктүү энергетикалык шакекчесиндеги авариялык өчүрүүдөн кийин этап этабы менен калыбына келтирүүнү баштаганын маалымдашкан.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен бардык турак жай-коммуналдык чарбалары, өзгөчө «Бишкексвет», «Бишкекгорлифт», «Бишкектеплоэнерго», «Бишкекводоканал» ишканалары күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Азыркы тапта шаар башчысы Бишкек ЖЭБинде жүргөнүн маалымат кызматынан билдиришти.