Бишкекке газ менен жүргөн автобустар июлда келет. Келишимге кол коюлду

Бүгүн, 4-июнда Бишкек мэриясында «СамАвто» жоопкерчилиги чектелген коому чыгарган ISUZU япон маркасындагы автобустарды алуу боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мэриядан кабарлашкандай, келишимге шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Эмил Ункуев менен “Эко жүргүнчүлөрдү ташуу” ЖЧКнын директору Капар Усубаматов кол коюшту.

Маалыматка караганда, 11-майда Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы менен «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» ЖЧКнын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган. Келишимде айтылгандай, автобустун биринчи партиясы 1-июлга чейин каттамга чыгышы керек. Меморандумга ылайык, ушул жылдын аралыгында «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» ЖЧКсы Бишкек шаарынын каттамдарына газ менен иштеген өзбек өндүрүшүнүн япон ISUZU брендинин 350 экологиялык автобустарын жеткирүүгө милдеттенет.