Бишкекке газ менен жүрүүчү 350 автобус алып келинет

Бишкек шаарына бир жылдын ичинде газ менен жүргөн 350 экоавтобус алынып келет. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.

Бүгүн, 11-майда мэрияда тиешелүү меморандумга кол коюу аземи өттү. Ага ылайык, «Эко жүргүнчү ташуу» компаниясы Өзбекстанда чыгарылган газ менен жүрүүчү «ISUZU» автобустарын алып келүүгө милдеттенме алды.

Автобустардын биринчи партиясы борбор калаага 1-июлга чейин алынып келет.