Бишкекке жаңы флагшток орнотуу үчүн башка өлкөдөн атайын техникалар алып келинген

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата өлкөнүн башкы туусу үчүн бийиктиги 100 метр болгон жаңы флагштоктун тетиктерин орнотуу иштери аяктап жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Ишти жүргүзүү үчүн башка жакынкы өлкөлөрдөн атайын техникалар алып келинген. Буга чейин эски 45 метрлик флагштокту жана ардактуу кароолдун кабинасын демонтаждоо иштери бүткөрүлгөн. Оңдоп-түзөө иштерине 500 чарчы метр гранит тактайларын орнотуу да кирет.

Подрядчы — «Эталон вин Спец Строй» ЖЧКсы. Белгилей кетсек, флагшток Түркиядагы эң ири заводдордун биринде жасалып, атайын жабдыктардын жардамы менен алынып келинген. Бул полимердик каптоо менен жогорку бекем цинктен жасалган»,- деп айтылат маалыматта.