Бишкекке жаңы маршруттук каттамдарды киргизүү маселеси талкууланууда

Бишкекке жаңы маршруттук каттамдарды киргизүү маселеси талкууланууда. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин тапшырмасы менен транспорт кызматкерлери жүргүнчүлөрдү ташуунун 30 жаңы схемасын ачуу боюнча долбоор иштеп чыгышты.
Мэрия аларды мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишим түзүү менен ишке киргизүүнү пландап жатат. Ошондой эле, кеминде 75 жүргүнчүгө, анын ичинен ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды ташууга ылайыкташтырылган 350 газ же электр энергиясы менен жүрүүчү автобустарды алууга инвесторлорду тартуу пландалууда.

«Мындай чечим жүргүнчүлөрдү ташуунун коопсуздугун жогорулатууга багытталган. Андан сырткары эски жана эскилиги жеткен кичи автобустарды жаңы автобустарга алмаштыруу менен абаны булгоочу заттардын деңгээлин төмөндөтүүгө мүмкүн», — деп билдиришти мэриядан.