Бишкекке жумуш издеп кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан Асылбек уулу Бөрүбай изделип жатат

2019-жылдын октябрь айларында Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын Жаңы-Коргон айылынын тургуну, 1997-жылы туулган Асылбек уулу Бөрүбай Бишкек шаарына акча табуу максатында жумуш издеп кетип, 2021-жылдын январь айынан баштап байланышка чыкпай, жүргөн жери белгисиз болууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, факт боюнча Кадамжай РИИБнин милиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүүдө.

Белгилери: бою 165-170 см., кашы, көзү кара түстө, дене түзүлүшү арыкчырай, акыл-эси соо.

Эгерде кимдир бирөө сүрөттөгү жигитти таанып, жүргөн жерин аныктап калса, төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот. Байланыш номурлары:  (03655) 5-02-29; 0704 27-64-16