Бишкек шаарына Казакстандан гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти. Маалыматка караганда, бүгүн Казакстандын гуманитардык жардамынын биринчи партиясын — 4 миң 500 тоннага жакын буудай унун өткөрүп берүү аземи болуп өткөн.
Бардык санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо менен жардам 75 вагондо темир жол аркылуу жеткирилген. Элчиликтин айтымында, буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев боордош кыргыз элине гуманитардык жардам көрсөтүү — 10 миң тонна ун өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алган.
Былтыр май айында коңшу мамлекет жалпысынан 3 миллион доллар бааланган 5 миң тоннага жакын унду, ноябрь айында 900 миң долларга 400 даана ИВЛ аппараты жана 2 миллион медициналык беткап өткөрүп берген.