Бишкекке Казакстандан 4,5 миң тоннага жакын ун гумжардам катары келди

Бишкек шаарына Казакстандан гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти. Маалыматка караганда, бүгүн Казакстандын гуманитардык жардамынын биринчи партиясын — 4 миң 500 тоннага жакын буудай унун өткөрүп берүү аземи болуп өткөн.

Бардык санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо менен жардам 75 вагондо темир жол аркылуу жеткирилген. Элчиликтин айтымында, буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев боордош кыргыз элине гуманитардык жардам көрсөтүү — 10 миң тонна ун өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алган.

Былтыр май айында коңшу мамлекет жалпысынан 3 миллион доллар бааланган 5 миң тоннага жакын унду, ноябрь айында 900 миң долларга 400 даана ИВЛ аппараты жана 2 миллион медициналык беткап өткөрүп берген.