Бүгүн Бишкек жана Кара-Балтага кир кар жаады

Бүгүн Бишкек жана Кара-Балта шаарларына кир кар жаады. Социалдык тармактын колдонуучулары кардын сүрөттөрүн бөлүшүп, булганган абадан улам ушундай түстө кар жаап жатканын жазышууда.

Бул көрүнүш коңшу өлкөлөрдөгү чаң аралаш куюндан да болушу ыктымал. Бирок Кыргызгидромет чаңдуу куюндун кардын түсүнө таасир эте албастыгын, климатыбыз нымдуу экенин, бирок эмне үчүн мынчалык күрөң экенине метеорологдор азырынча жооп бере албай турганын билдиришти. Казакстанда да бүгүн күрөң түстө кар жаап жатканы айтылды.