Бишкекке Нарындан келген 46 жаштагы Нурлан Касиев 5 айдан бери дайынсыз болууда

Бишкектеги Свердов РИИБдин кызматкерлери тарабынан 46 жаштагы Касиев Нурлан Романович изделип жатат. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-ноябрда милицияга дайынсыз болуп жаткан жарандын карындашы арыз менен кайрылып, 21-22-июнда агасы Нарын шаарынан Бишкекке кетчү таксиге отуруп, Бишкектеги Аламүдүн базарынан түшүп калган бойдон дайынсыз болуп жатканын айткан. Аталган факты каттоого алынган. Сүрөттөгү жаранды көрүп-билгендер болсо, 0 508-05-05-00, 0709-332-463, 0 555-595-588, 0 312-432-815, 0 500-432-815 номурларына кайрылсаңыздар болот.