Бишкекте №1 мектеп-интернаттын окуучулары жана мугалимдери митингге чыгышты (видео)

Бишкек шаарындагы №1 гимназия-интернатынын окуучулары жана мугалимдери митингге чыгышты. Нааразычылык акциясынын видеосу социалдык тармактарга жарыяланды.

Мектепте милиция кызматкерлери жана Тез жардам борборунун дарыгерлер тобу бар. Кадрдан мектеп окуучулары «кетсин» деген плакат көтөрүп турганын көрүүгө болот. 

Билим берүү министрлиги окуя боюнча үн ката элек.