Бишкекте №102 жана №162 каттамдагы автобустар жүрө баштады

Бишкекте №102 жана №162 автобустар жүрө баштады. Буга чейин бул каттамдарда кичи автобустар иштеп келген. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Эми анын ордуна ушундай номурлуу автобустар жүрө баштайт. Аларды «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы тейлейт.

№102 автобус Рухий-Мурас жаңы конушунан «Ош базарына» чейин каттайт. Узундугу 25,5 чакырым, автобустардын аралыгы 10 мүнөт. Бул каттамга 12 автобус чыгат.

№162 автобус 12-кичи районунан Новопокровка айылына чейин каттайт. Узундугу 46 чакырым, автобустардын аралыгы 10 мүнөт. Бул линияга 18 автобус чыгат.